Орусия менен Украина Стамбул келишими боюнча каза болгондордун сөөгүн бири-бирине өткөрүп берди.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев 6057, Москва 78 сөөктү кайтарып алды. Курман болгондордун дагы 1245и, анын ичинде аскер кызматкерлери Украинага 16-июнда жеткирилди.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги дагы 2239 украиналык аскер кызматкерлерин берүүгө даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, 2-июнда Стамбулда Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү.