Кечээ, 16-июнда Израилдин Ирандын мамлекеттик телеканалына жасаган чабуулунун натыйжасында бир нече кызматкер каза болду. Азырынча каза болгондордун так саны айтыла элек.
Ирандын "Иран Ислам Республикасынын үнү" (англ. Islamic Republic of Iran Broadcasting, IRIB) телерадиокомпаниясынын башчысы Пейман Жебелли мамлекеттик телеканалдын түз эфирине кан болгон кагаз менен чыгып, өзүнүн кесиптештери "акырына чейин тура турганын" билдирди.
Чабуул болгон учур IRINN телеканалынын түз эфирине түшүп калган. Бул телеканалдын редакциясы дал ошол имаратта жайгашкан. Чабуул учурунда алып баруучу студиядан чыгып кетүүгө жетишкен, жабыркаган эмес. Кийинчерээк ал кайра эфирге кайтып келген.
Буга чейин Израилдин коргонуу армиясы IRIB телерадиокомпаниясынын штаб-квартирасы жайгашкан имаратка сокку ураарын эскертип, тургундарды эвакуацияланууга чакырган.
Телеканалдын штаб-квартирасына болгон чабуулду кийинчерээк Израилдин коргоо министри Исраэль Кац да ырастады.