Севастопольдо мурунку кайненесин жолдо бычактап салган жаран кармалды. Бу тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Аял 4 жаштагы небереси менен дүкөндөн чыгып баратканда көчөдө бычактап, анын кекиртегин кесип салган. Кол салган адам окуянын күбөлөрү тарабынан кармалып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. "Тез жардам" кызматкерлери келгенге чейин окуянын күбөлөрү жабырлануучуга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок ал көп кан жоготкондуктан каза болуп калган.
"Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Telegram каналдары билдиргендей, кармалган адам 46 жашта . Ал аялды бир нече жолу бычактаган.