Meta компаниясына таандык WhatsApp мессенжеринде жарнама жана каналдарды монетизациялоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Бул тууралуу тиркеменин расмий сайтында жарыяланды.
"Биз каналдардын админдерине, уюмдарга жана компанияларга WhatsApp аркылуу өнүгүүгө жардам берүүнү каалайбыз. Бул үчүн жаңы функцияларды иштеп чыктык. Каналдарга ай сайын төлөнүүчү жазылуу мүмкүнчүлүгү кошулат. Колдонуучулар сүйүктүү каналдарына жазылып, алардын авторлорун колдоп, эксклюзивдүү жаңыртууларды ала алышат",- деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, тиркеменин "статус" тармагына жарнама жайгаштыруу жана каналдарды илгерилетүү функциясы ишке киргизилет.
WhatsApp буга чейин узак убакытка чейин эң популярдуу жарнамасы жок мессенжерлердин бири болуп келген. Бирок жаңы функциялардын алкагында эми жарнамалар кошулат.