Социалдык тармактарда Бишкек-Балыкчы багытындагы поездде орун калбай, жүргүнчүлөр тик туруп бара жатканы тартылган видео тарады.
Маалыматка ылайык, окуя 14-июнда болгон. Бишкек - Балыкчы багыты боюнча жүргүнчүлөрдүн саны көп болуп, билеттер ички тартипте, кассанын эсебинен тышкары сатылган.
Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Кыргыз темир жолу" жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.
Мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө максатында төмөнкү чаралар көрүлдү:
• 15-июнда (жекшемби) Бишкек - Балыкчы багыты боюнча кошумча эки жүргүнчү вагону каттамга чыгарылды;
• Ишкананын жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалында кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай учурларга жол бербөө талаптары белгиленди.