Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 7 жашар бала каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 7 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу 13-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү саат 16:30 чамасында Хонда Степвагон автоунаасынын айдоочусу “Бишкек-Ош” жолу менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан. Жолдун 110-чакырымында рулду башкара албай, жолдун четинде токтоп турган Даф-95 үлгүсүндөгү машинаны сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Степвагондун 7 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттан өзүнө келбей ооруканада каза болгон. 
Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан