Казакстандын 16,3 миллион жаранына тиешелүү жеке маалыматтар интернетке тарап кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору билдирди.
"Бул чоң окуя: жалпы ачыкка 16 миллиондон ашык маалымат чыкты, бул өлкөнүн калкынын чоң бөлүгүн камтыйт. Өзгөчө тынчсыздандырганы – бул жөн гана жарандардын аты-жөнү эмес",- деп айтылат маалыматта.
Ачыкка чыккан маалыматтарда жарандардын фамилиясы, ысымы, атасынын аты, туулган датасы, ИИН, дарек, телефон номерлери көрсөтүлгөн. Ошондой эле поликлиникалардан, стоматологиядан жана башка медициналык мекемелерден жыйналган маалымат да тарап кеткен болушу мүмкүн.
Ал эми Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору бул бир сервиске тиешелүү база же бир нече булактардан топтолгон маалыматтардын бирикмеси болушу мүмкүн деп эсептейт.