Интернет алдамчылыгына шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облусту ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-майда милицияга бир жаран кайрылып, 15-17-май күндөрү "N" аттуу онлайн-платформасынан киреше табууну убада кылгандар акчасын алдап алышканын айткан. Акча каражаттары ар түрдүү банк карталарына которулган. Жалпы келтирилген зыян 540 миң сомду түзгөн.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жигит Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.