Орусиянын Кострома облусунда жашаган 28 жаштагы Марина Кузьменко майлуу тамактарды көп жегенден каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ал блогер болгон. ТикТоктон стримге чыгып ар кандай тамактарды чоң порцияларда жеп блог жүргүзгөн. Мукбонг деп аталган модалуу онлайн кыймылынан акча тапкан. Кыз дайыма майлуу тамактын чоң порцияларын бышырып, анан жеп, камерага тартып турган. Бул бир нече жылдын ичинде ага 30 миң жазылуучу алып келген. Андан соң анын өлүмүнө алып келди. Аялдын артында беш жашар баласы калды.
ЖМКлар жазышкандай, акыркы убакта ашказаны ооруп жүргөн. Бирок ийгиликке жетем, популярдуу болом деп бул ишин токтоткон эмес. 9-июнда абалы оорлошуп ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер кыздын өмүрү үчүн күрөшүп, бирок сактап кала алышкан эмес.