Израилдин коргонуу армиясы Ирандын жаңы башкы штаб башчысы Али Шадмани өлтүрүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты
Генерал кечээ, 16-июнда Тегеранга жасалган соккуда каза тапкан.
Али Шадмани Ирандын лидери Али Хаманеиге жакын адамдардын бири болгону баса белгиленет. Иран бул маалыматты азырынча ырастай элек.
Мурдагы ирандык башкы штаб башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери 13-июнга караган түнү жасалган алгачкы Израил соккуларында каза тапкан. Ошондой эле каза болгондордун катарында Ирандагы тасирдүү генералдардын бири Хоссейн Салами менен Ислам Азад университетинин президенти Мохаммад Тегеранчин да болгон.