Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгындагы кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, алар 15-февралда баңгизат колдонуу менен унаа башкарган айдоочуга мыйзам боюнча чара көрүшкөн эмес. Милиция кызматкерлери анын ордуна укук бузган айдоочудан 34 миң сом пара алышкан. Анын бир бөлүгү инспекторлордун биринин өздүк банктык эсебине которулган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.
Башкы прокуратура ал айдоочу 2 күндөн кийин, тагыраагы, 17-февралда мас абалда унаа башкарып бара жатып, Чүй облусунун аймагынан башка Кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалганын кошумчалады.