Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Бир нече маанилүү эрежелер менен таанышып алыңыз.
- Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар.
- Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт.
- Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт.
- Бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла.
- Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт.
- Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу техникаларга сүзүп барууга тыюу салынат.
Эске тутуңуз! Суу шалаакылыкты кечирбейт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.