Кинофестивалга жарым жылаңач болуп барып, коомчулуктун сынында калган блогер Жанара Осмоналиева социалдык баракчасындагы адепсиз жүрүм-туруму үчүн 3 суткага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 16-июндагы социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн Инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталды. Анын иши тергөө кызматына өткөрүп берилип, жыйынтыгында 1993-жылы туулган О.Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 3 суткага камакка алынды.
Милиция социалдык баракчалардагы ар бир аракетке жоопкерчилик менен мамиле жасап, коомчулуктун укугун урматтоого чакырат.