АКШ бийлиги Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалды чечүүдө алдыдагы 24-48 саат эң чечүүчү учур болорун билдирди. Бул тууралуу ABC телеканалы кабарлады.
Маалым болгондой, 17-июнда Ак үйдүн атайын кырдаалдар бөлмөсүндө президент Дональд Трамп өзүнүн негизги кеңешчилери менен чогулуш өткөргөн. Жыйында америкалык расмий адамдар алдыдагы 24-48 сааттын ичинде Иран маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар-жогуна так болорун айтышкан.
Эгер бул мөөнөт ичинде Иран маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилбесе, анда АКШ президенти аскердик чараларга өтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, Американын куралдуу күчтөрү Израилди колдоо максатында түздөн-түз куралдуу кагылышка аралаша алат.
Буга чейин Трамп Тегерандан шартсыз багынууну (капитуляция) талап кыларын жарыялаган.