
Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн эл аралык воркаут мелдешинде Кыргызстандан барган ӨКМдин улук куткаруучусу, кенже сержант
Руслан Жантороев 4-орунду ээледи. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирге жалпы 24 куткаруучу катышкан.
Белгилей кетсек, Жантороев 2024-жылы Ош шаарында өткөн республикалык воркаут турниринде 1-орунду ээлеген.