"Элдик Банк" ААКнун делегациясы Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Эрмеев башында турган курам менен Шанхай шаарындагы World Expo Exhibition & Convention Center жайгашкан China International Financial Exhibition 2025 көргөзмөсүнө катышууда.
Иш-чаранын алкагында Башкарманын төрагасынын орун басары Медет Таиров "Элдик Банктын" ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, банктын негизги финансылык көрсөткүчтөрүн, продуктыларын жана кызматтарын, өнүгүү динамикасын, жетишкен ийгиликтерин, туруктуу өнүгүү стратегиясын жана санариптик трансформация багытындагы кадамдарын тааныштырды. Ошондой эле Кытайдын банктары, каржы институттары жана ишкерлери менен төлөм системасындагы кызматташууга болгон кызыгуусун билдирди.
Көргөзмөнүн негизги окуясы болуп ОАО "Элдик Банк" менен Кытайдын чек ара аралык банк аралык төлөм системасы болгон CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) менен түз катышуучу болуу боюнча келишимге кол коюу аземи өттү.
«Элдик Банк» менен катар эле CIPS системасына дүйнөдөгү эң ири банктар – UOB (Сингапур), Standard Bank (Түштүк Африка), Afreximbank (Египет), MOX (Кытай), First Abu Dhabi Bank (БАЭ) да кошулду.
Бул система менен интеграциялануу банк кардарларына Кытай жана башка катышуучу өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле бул бир катар маанилүү артыкчылыктарды камсыздайт: төлөмдөрдү тездетүү, чыгымдарды азайтуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу, Кытай рыногунда бизнес жүргүзүү үчүн куралдарды кеңейтүү.
Мындан тышкары, CIPS системасына кошулуу Кыргызстандын жана Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнө, соода байланыштарынын чыңдалышына өбөлгө түзүп, кыргызстандык ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана эл аралык рынокко адаптацияланышын арттырат.