Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Инстаграмда белгисиз адамдар жарандарга ыңгайлуу шарттар менен мамлекеттик жеңилдетилген насыя алууга көмөк көрсөтүүнү убада кылган жарнактарды таратышууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Улуттук банктан кабарлашты.

Маалым болгондой, шылуундар ишенимге кирүү үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп жатышат. Ошондой эле кредит алды делген кардарлардын телеграммдагы жалган билдирүүлөрүн мисал келтиришүүдө.

Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоолор менен (камсыздандыруу, комиссия) жарандардан акча которууну суранышат. Улуттук банк мындай ыкма алдамчылардын кезектеги схемасы экенин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныштарга акча которбоңуз. Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенжерлер аркылуу жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери (312) 61-04-86.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан