Франциянын президенти Эммануэль Макрон өзүнүн TikTok баракчасына чоң жетиликтин (G7) саммитинен Капибара ырына тартылган видео жарыялады.
Андан Канададагы жыйынга чогулган дүйнөлүк лидерлер биринин артынан бири камеранын жанынан өтүп баратканын көрүүгө болот.
Айта кетсек, G7 саммити Канаданын Кананаскис шаарында 16-июндан 17-июнга чейин өттү.