Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи эгер Вашингтон Израилдин Тегеранга каршы агрессиясына кошулса, АКШ орду толгус жоготууларга учурайт деп коркутту.
"Иранды, анын элин жана тарыхын билген акылман адамдар бул өлкө менен эч качан коркутуу тили менен сүйлөшпөйт. Анткени Иран эли эч качан багынып бербейт. Америкалыктар ар кандай аскердик катышуулардын натыйжасында Америка сөзсүз орду толгус зыян тартарын билиши керек",- деди Хаменеи элге кайрылуусунда. Хаменеинин сөздөрүн анын басма сөз кызматы жарыялады.
Бул Ирандын жогорку лидеринин АКШнын президенти Дональд Трамптын шартсыз багынып берүүнү талап кылган билдирүүсүнө берген жообу болду.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Эки тараптуу чабуулдар дагы деле уланууда.