Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Заид аль Нахайян менен сүйлөшүүдө Иран менен Израилдин ортосундагы диалогду түзүүгө ортомчулук кылууга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Владимир Путин Орусиянын чыр-чатактын катышуучуларынын ортосундагы диалогду илгерилетүүдө ортомчулук кылууга даяр экенин ырастап, бул багытта бир катар чет элдик лидерлер менен болгон байланыштар тууралуу маалымат берди",- деп айтылат билдирүүдө.