
Ош шаарындагы Алиев көчөсүндө жайгашкан Хохлова көрүстөнүндөгү рекультивация иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда мэриядан кабарлады.
Маалым болгондой, жалпы аянты 4 гектардан ашык болгон көрүстөнгө мэр Жеңишбек Токторбаев барып, аткарылып жаткан иштерди көрдү.
"Аны менен бирге Кайырма-1, Кайырма-2 көрүстөнүнө да барды. Шаар ичиндеги мүрзөлөрдүн катарында аталган көрүстөнгө да сөөк коюу токтотулган. Жалпы аянты 15 гектарга барабар. Соңунда өтүп кеткендерге багышталып куран окулуп, дуба кылынды", - деп айтылды маалыматта.