Ирандын борборунун түндүк-батышындагы Паям аэропортуна Израил кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Fars агенттиги билдирди.
"Бир нече мүнөт мурун Караж шаарында жардыруу болду. Израил Паям аэропортунун чет жакасына дагы бир чабуул жасады. Учурда өрт өчүрүү жана куткаруу унаалары жарылуу болгон аймакта иш алып барышууда", — деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Израил 13-июнга караган түнү Иранды жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, ага каршы операция баштаган.