Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүктүрүү долбоорлоруна 209 миллион доллар бөлөт

2025-жылы Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 1,5 миллиард юань, башкача айтканда, 209 миллион доллар кайтарымсыз каражат бөлөт. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Астанада өткөн экинчи Кытай-Борбор Азия саммитинде билдирди.

"Биз Борбор Азия өлкөлөрүнө быйыл 1,5 миллиард юань өлчөмүндө бекер грант берүүгө даярбыз", - деди Си Цзиньпин.

Анын айтымында, Кытай жакырчылык менен күрөшүү борборун, билим берүү тармагында алмашуу жана кызматташуу борборун, чөлгө айлануу менен күрөшүү борборун, ошондой эле соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аянтчасын түзүүнү чечти.

Айта кетсек, 17-июнда Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында саммит өтүп, Борбор Азиянын өлкөлөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан