Эртең, 19-июндан тартып Бишкек шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Буга байланыштуу, мэрия №34, 48, 100, 101, 104, 51, 175, 8(Т), 71, 146, 169 автобус каттамдарынын жүрүү кыймылы өзгөргөндүгүн эскертти.
Мэрия ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.