Бишкек шаарындагы Кулиев көчөсүндө мушташкан айымдар камакка алынышты. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБ билдирди.
Райондук милиция факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, натыйжада 35 жана 25 жаштагы жарандар аныкталганын белгиледи. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн.
Маалыматта айымдарга карата тийиштүү юридикалык баа берилери айтылат.
Айта кетсек, кечээ, 18-июнда социалдык тармактарда айымдардын чачташып жатканы тартылган видео тараган болчу.