Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кескин сынга алды.
Анын айтымында, экинчи дүйнөлүк согуштун эң коркунучтуу сүрөттөрү Газа тилкесиндеги видео жана сүрөттөргө салыштырмалуу жупуну болуп калат.
"Германиядагы Холокост учурунда алар анчалык адамгерчиликсиз, аң-сезимсиз болгон эмес. Нетаньяхунун геноциди, ырайымсыздыгы Гитлердикинен эчак эле ашып түшкөн",- деген Эрдогон шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын парламенттик тобунун жыйынында сүйлөп жатып.