АКШда чет өлкөлүк студенттерге виза берүү кайра жанданды

АКШнын Мамлекеттик департаменти чет элдик студенттер үчүн токтотулган виза берүү иши кайра жанданганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, студенттик визага (F-1 визасы) документ тапшыргандар эми арыз бере алышат, бирок жаңы шарттар киргизилди.

Жаңы талаптар:

  • Социалдык тармактар ачык болушу керек — арыз ээлери өздөрүнүн социалдык медиа эсептерин ачык кармоого милдеттүү.
  • Саясий активдүүлүгү барлар белгиленет — консулдуктарга саясий активдүүлүгү байкалган жарандарды өзгөчө белгилөө жана алардын АКШда ушундай иштерди улантуу ыктымалдыгын эске алуу тапшырылды.
  • АКШга карата терс мамиле бар-жогу текшерилет — арыз ээлеринин интернеттеги билдирүүлөрүндө АКШ жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө же негизги принциптерине каршы пикирлер бар же жок экени каралат.
  • Улуттук коопсуздук маселеси — АКШ өкүлчүлүктөрү арыз ээлеринин коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдайларын, ХАМАС уюму менен байланышы же антисемиттик аракеттерге тиешеси бар-жогун изилдешет.

"Онлайн активдүүлүк" дегенде жөн эле социалдык тармактар эмес, LexisNexis сыяктуу маалымат базаларынан алынган юридикалык жана коммерциялык маалыматтар да каралат.

Буга чейин, 2024-жылдын май айында, сенатор Марко Рубио консулдуктарга социалдык медиа боюнча кеңири маалымат чогултмайынча студенттик виза берүүнү токтотууну сунуштаган. Эми бул чектөө алынганы менен талаптар күчөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан