Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июнда 102 кызматына Бишкектин 7-кичи районундагы турак жайдын короолордун биринде адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери жабырлануучу 42 жашта экенин аныкташкан.
Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу, өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта) менен кылмыш иши козголду. Кармалган шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.