Индияда 12-июнда болгон авиакырсык боюнча тергөөдө жаңы маалыматтар чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, кырсык болордон мурун учактын авариялык энергия берүү системи иштеп жаткан. Бул болсо учуп жатканда кыймылдаткычта же гидравликалык тутумда чоң мүчүлүштүк болгон болушу мүмкүн деген шектенүүнү жаратты. Бирок азырынча анын так себеби аныктала элек.
Бул кырсыктан кийин Индиянын авиация башкармалыгы Air Indiaнын Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү учактары менен пландалган 66 каттамды токтоткон. Компания буга учактардын техникалык абалы, аба мейкиндигиндеги чектөөлөр жана коопсуздукту күчөтүү себеп болду деп түшүндүрмө берген.
Текшерүүлөрдө учактарда чоң коопсуздук кемчилиги табылган жок. Бирок учактарды тейлөөдө кечигүүлөр жана компаниянын ичиндеги уюштуруу маселелери бар экени белгиленди.
Кырсыктан аман калган жалгыз англиялык жүргүнчү өзүнүн каза болгон бир тууганынын жаназа табытын көтөрдү. Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр дагы деле аза күтүп жатышат.