Кыргызстанда биринчи жолу өзгөчө коркунучтуу пестициддерди жүгүртүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, бул чечим Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кабыл алынып, кечээ, 18-июнда №47 буйрук менен бекитилди.
Буйрукка ылайык, паракват дихлориди таасир этүүчү затынын негизиндеги пестициддерди жүгүртүүгө – иштеп чыгууга, өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого толугу менен тыюу салынды.
Паракват – адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүчү абдан кооптуу химикат. Ал рак ооруларын, балдардын нерв системинин бузулушуна шарттап, репродуктивдик ден соолукка жана эндокриндик системге зыян келтирерин эл аралык изилдөөлөр тастыктаган. Жуткан учурда бир чай кашыгы өлүмгө жеткирүүчү доза болушу мүмкүн. Европа биримдигинде бул затка лицензия жокко чыгарылып, уулануу жана өлүм учурлары кескин азайган.
Бул кадам өлкөнүн "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" мыйзамына, тиешелүү өкмөттүк токтомдорго жана Пестициддерди көзөмөлдөө боюнча эл аралык тармактын (PAN) сунуштарына негизделип кабыл алынды. PAN тарабынан 2021-жылы жарыяланган өзгөчө коркунучтуу пестициддердин эл аралык тизмесине паракват да кирет.
Бул Кыргызстандагы айыл чарба тармагында коопсуздукту жогорулатууга жана элдин саламаттыгын коргоого багытталган маанилүү кадам. Департамент алдыдагы этаптарда дагы ондогон кооптуу химикаттарга каршы тиешелүү буйруктарды иштеп чыгууну пландаштырууда.