АКШнын Техас штатында SpaceX компаниясына таандык Starship ракетасы сыноо учушуна даярданып жатып жарылып кетти. Бул тууралуу компания социалдык тармактагы X платформасы аркылуу билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бул ракета 10-сыноо учушуна даярдалып жаткан жана 18-июнь жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 23:00 (Бишкек убактысы менен 19-июнь, саат 10:00) чамасында "олуттуу техникалык мүчүлүштүккө" дуушар болгон.
SpaceX жарылуу учурунда сыноо жүргүзүлүп жаткан аймакта коопсуз аралык сакталганын, эч ким жабыркабаганын белгиледи.
Жергиликтүү басылмалар жарыялаган видеолордо ракета учуп чыкпай жатып эле платформанын үстүндө ири жалынга айланып жарылганы тартылып калган.