Тегеран Израилдин абадан коргонуу системин иштен чыгарды. Бул тууралуу Ирандын сакчылар корпусу билдирди.
"Акыркы ракеталык сокку оккупацияланган аймактардын асманы азыр толугу менен биздин көзөмөлүбүздө экенин эч кандай шексиз далилдеди",- деп жазышты Ирандын маалымат каражаттары Иран армиясынын билдирүүсүн.
Анда биринчи муундагы Фаттах ракеталары Ирандын Израилдеги буталарга жасаган соккуларынын акыркы толкуну учурунда колдонулганы белгиленип: "Сионисттик армиянын абадан коргонуу системинин бүтүшүнүн башталышына күбө болуудабыз",- деп айтылат.
"Тель-Авивдин тургундары азыр Ирандын ракеталык потенциалына каршы коргонуусуз калышты",- деп ырастайт Иран армиясы.