Индияда баласын арстанга мингизген ата (видео)

Индияда кичинекей баласын арстан менен сүрөткө түшүүгө мажбурлаган ата интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучуларынын түрдүү пикирлерин жаратты.

NDTV басылмасы окуя Карнатака штатындагы жеке зоопарктардын биринде болгонун жазды. Видеодон эркек киши баланы арстан менен сүрөткө түшүрүү үчүн аны жырткычтын үстүнө отургузууга аракет кылганын көрүүгө болот. Баланын коркуп, ыйлап жатканы көрүнүп турат. Бирок атасы баланын коркуу сезимине көп көңүл бурбайт.

Видео социалдык тармактарда тез эле популярдуулукка ээ болуп, комментаторлордун пикирлери экиге бөлүндү. Кээ бирлери атасынын мындай кылыгын кабыл алгыс жана таш боордук дешсе, кээ бирлери бул жөн гана баланы коркуу сезимин жеңүүгө үйрөтүүнүн бир жолу дешүүдө.

Зоопарктын өкүлү кызматкерлер эс алуучулардын мындай аракеттерине унчугушпай турганын билдирген. Милиция атасынын уулуна ырайымсыз мамиле жасоо фактысы боюнча иш козгоону карап жатканын белгилейт басылма.

19.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан