Кечээ, 18-июнь күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев академиянын ректору Индира Кудайбергенова баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жолугушуунун негизги максаты – медициналык билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында КГМА менен Талас облусунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун талкуулоо болду. Учурда Талас облусунда медициналык кадрлардын жетишсиздиги олуттуу көйгөй, аны чечүү үчүн конкреттүү чаралар сунушталды.
"Садыр Жапаровдун колдоосу менен - КГМАнын бүтүрүүчүлөрүнө Талас облусунда иштөө келишимин түзгөн учурда каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле аймактык фонддон ар бир 25 дарыгерге ай сайын үч жыл бою кошумча 40 000 сомдон бөлүнүп берилмекчи жана жаш адистерге турак жай, зарыл жардам көрсөтүүгө бардык мүмкүнчүлүккө ээбиз. Мындан тышкары, Талас облусундагы 200 мектеп бүтүрүүчүсүн Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу маселеси каралды",- деп билдирди Эрмат Жумаев.
Эске салсак, президенттин Таластагы өкүлчүлүгү быйыл облустагы мыкты 200 абитуриентти Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшыртып, алардын окуу чыгымдарын окууну бүтүргөнчө толук каржыламакчы.