Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жер мунапысы маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар башчысы турак жайларды сатууга жана багытын өзгөртүүгө карата кепилдик милдеттенмелерин жана айрым чектөөлөрдү эске алуу менен санитардык зонада жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин кароону тапшырды.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2000-жылдын 18-сентябрындагы №637 токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө 69 гектар сугат айыл чарба жерлери жана аймагы 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
Берилген учурда жогоруда аталган аймак өздөштүрүлбөй калган. 2013-жылдын жай айынын башынан бери сөз болуп жаткан аймакта өз алдынча турак жайлар курула баштаган. Бүгүнкү күндө Жер-Ынтамагы айыл аймагында 1165 жер тилкеси бар.
Жер мунапысынын объектилерине жеке менчик укуктарын бекитип берүү жөнүндө маалыматтар: