Тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам бир адам каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 13-январда саат 07:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда бөлмөнүн ичиндеги төшөнчүлөр, эмеректер күйгөн. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр бөлмөнүн ичинен денеси күйгөн, жашы 30-35тер чамасындагы бир адамдын жансыз денесин табышкан. Учурда анын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон.