Путин менен Си Цзиньпин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөштү. Эмне кеп?

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков лидерлер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Москва менен Пекиндин Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалда ортомчу болууга даярдыгын талкуулашты. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге токтолушту.

Сүйлөшүү бир сааттай болгону маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан