Вьетнамдын Вунгтау шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча алтын байге утту.
87 килограмм салмакта күч сынашкан Асан Жанышов алгач эле индиялык Рохит аттуу балбан менен кез келип, аны 8:0 эсебинде утуп алды. Экинчи айлампада коңшу казакстандык Максат Сайлауну дагы 8:0 эсебинде жеңип, үчүнчү айлампада таиланддык Пирават Аунвинди 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту.
Жарым финалда түркмөнстандык Довлетмырат Байрамовду 9:0 эсебинде утуп, финалда кайра эле казакстандык Максат Сайлау менен кез келип, кайрадан 8:0 эсебинде атаандашын жеңди.
Муну менен Асан Жанышов Азия чемпиондугунда атаандаштарын жалпы 41:0 менен жеңип, 23 жашка чейинки балбандар арасында алтын медаль тагынды.