Иран өкмөтүн кулатуу Израил үчүн негизги максат эмес, бирок бул аскердик операциянын натыйжасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кечээ, 19-июнда билдирди.
"Негизги максат - Ирандын өзөктүк коркунучун жок кылуу. Экинчиден, баллистикалык ракета коркунучун жок кылуу",- деди ал Кан телеканалына берген маегинде.
Ал ошондой эле операция учурунда Тегеран режими туруксуздашарын кошумчалады.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Ирандын өзөктүк программасына каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Тегеран жооп чабуулун жасаган. Эки тараптуу чабуулдар дагы деле уланууда.