Бишкек – Ош унаа жолуна 750 метрлик тоннель курулат

19-июнда Бишкек - Ош унаа жолундагы 750 метрлик тоннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Иш-чарага аталган министрликтин жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, JICA'нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Министр Сыргабаев тоннель заманбап япон технологияларын колдонуу менен куруларын белгиледи.
“Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган негизги жолдун басымдуу бөлүгү тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындан улам министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүн курулушу башталып жаткан Бишкек - Ош автожолунун долбоордук тилкесинде да аскалардан таш кулоо коркунучу жогору. Мындай шартта эң ылайыктуу чечим – тоннель куруу болуп эсептелет. Узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылганы турат. Ал үчүн Япониянын Takenaka Civil Engineering & Construction компаниясы менен келишимге кол коюлду”,- деди министр.
Белгилей кетсек, тоннель Бишкек - Ош унаа жолунун 400-чакырымына (Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын ортосу) салынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан