"Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ооруканадан чыгарылганын футбол клубунун расмий сайты билдирди.
Футболчу курч кармаган ичеги-карын оорусу менен ооруканага жаткырылган эле. Ошондон улам ал "Реалдын" клубдук дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабиясынын "Аль-Хиляль" клубу менен болгон биринчи беттешине катыша албай калды. Оюнчу кайрадан командага кошулуп, калыбына келүү процедураларын улантат.
Мбаппе учурда 26 жашта. Ал мадриддик клубга 2024-жылы жайында кирген. Өткөн сезондун аягында Европанын улуттук чемпиондуктарында эң мыкты бомбардирге ыйгарылуучу "Алтын бутса" сыйлыгын жеңип алган. Испаниянын Ла Лигасында 31 гол киргизген.