Мэрдин таңкы кыдыруусу... Айкел менен кичи аренанын курулушу текшерилди 

Кечээ, 19-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан эки маанилүү объект текшерилди. Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин астыңкы бөлүгү оңдолуп жатат. Учурда эстеликти жаап турган плита, эстеликтин өзү жана астыңкы пайдубал алынып салынды. Эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерет. Эстеликтин өзү 10,3 метр бийиктикти түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.
Экинчи текшерилген объект - Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи спорттук арена. Бул спорттук имарат 5000 көрүүчүгө ылайыкталган жана жер төлөлөрү бар. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө металл конструкциялары толугу менен орнотулуп бүттү, сэндвич-панелдерди орнотуу жана ички электр чубалгыларын тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Биринчи Май райондук акимиатына бул курулуш ишинин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
"Бишкек шаарынын мэриясы долбоорлорду туруктуу көзөмөлдөп, сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурат",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан