Петербург эл аралык экономикалык форуму салтанаттуу түрдө ачылды. Ага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов катышты. Бул тууралуу 20-июнда Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
18-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун ачылышынын алкагында өткөрүлгөн маанилүү пленардык жыйында Кендирбаева жана Орозов өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы өнүгүшүнө багытталган билим берүү системин модернизациялоо, илим жана технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.