"Куликов" кондитердик компаниясы ушактарга чекит койду

Интернет желесинде "Куликов" кондитердик үйү өз ишмердүүлүгүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кетет экен деген маалыматтар тарап жатат.

Аталган компания жогоруда айтылып жаткан имиштерге чекит койду. Алардын айтымында, бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Акыркы күндөрү интернет айдыңында биздин компания жана брендибиз тууралуу так эмес, жалган маалыматтар — фейктер таралууда. Бул билдирүүлөр коомчулукта кеңири талкууланып эле тим болбостон, олуттуу бурмаланып жатат. Ошондуктан кырдаалды ачык түшүндүрүү биз үчүн абдан маанилүү. Биз дүкөндөрдү жаппайбыз жана өндүрүштү башка жакка көчүрбөйбүз, тескерисинче, жаңы жумуш орундарын түзүп, ишмердүүлүгүбүздү күчөтөбүз", - деп калтырган билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан