Израилдин соккусунан Иранда кеминде беш оорукана жабыркады.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, ооруканаларга түз сокку урулган эмес, бирок жанына түшкөн ракеталардан жабыркады.
Ирандын Кызыл Жарым ай коомунун башчысы Пирхоссейн Коливанд билдиргендей, ооруканалардын терезелери сынып, айрым жерлери урап жабыркады. Мындан тышкары бейтаптардын түтүндөн улам дем алуусу начарлаганын тактады. Ооруканаларга соккуларды уруу эл аралык укуктун принциптерине карама-каршы келет деген оюн да кошумчалады.