Тунистин соту мурдагы президент Монсефа Марзукини мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген деген айып менен сыртынан 22 жылга эркинен ажыраткандыгын 21-июнда чет элдик басылмалар билдиришти.
Марзуки Тунисти 2011-жылдан 2014-жылга чейин жетектеген жана азыркы президент Каис Саиддин эң катуу сынчыларынын бири бойдон калууда.
Экс-президент буга чейин өкмөткө каршы деп айыпталып, узак мөөнөткө соттолгон. Анын айтымында, Саид өзгөчө парламент таркатылып, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин авторитардык системаны куруп жатат. Саид 2019-жылы мамлекет башчы болуп шайланып, 2024-жылы экинчи мөөнөткө шайланган.
Парижден Марзуки аны куугунтуктоодон коркпой турганын жана Туниске катуу көзөмөлгө алган башкаруучу эмес, демократияны орноткон адам керектигин айтууда.