Бишкекте мамлекеттик ипотекага берилген жаңы үйлөрдүн бири чөгүп жаткандыгы айтылды (видео)

Бишкектин Маликов көчөсүндөгү жаңы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн жашоочулары имараттын астындагы жер чөгүп кеткенин айтып, нааразы болушууда. Жана алар мындай көрүнүш жашоочуларга кооптуулук жаратышы мүмкүн деген ойлорун айтышууда.

Социалдык түйүндөргө тарап жаткан видеодо жашоочу жеринде болуп жаткан жагдайды баяндады. Анда имараттын биринчи кабатында жаткырылган таш тапандардын бир тарабы чөгүп кеткенин көрүүгө болот. Ошондой эле имараттын биринчи кабаты менен жер төлөсүнүн ортосунда ачык жер пайда болгону байкалат.

Жашоочунун айтымында, Гагарин көчөсү тарабындагы №4 блоктогу көп кабаттуу үйлөрдө жердин чөгүп жаткандыгы байкалды.

21.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан