Бүгүн, 21-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Анда эс алуучу жайлардын тегерек-четин көрктөндүрүү боюнча маалыматтар айтылды. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.
Ташиев Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайлардын тегерек-четиндеги жолдордун начардыгын, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун жоктугун, жашылдандыруу иштери жана инфратүзүмдүн төмөндүгүн белгилеп, сынга алды.
Атайын кызматтын башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына жана эс алуучу жайлардын жетекчилерине сентябрга чейин район аймагындагы жолдордун баарын оңдоп-түзөөнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин толук бүткөрүүнү тапшырды. Кимде-ким тапшырманы аткарбай, шалаакылык кылса, тийиштүү жоопкерчилик каралары эскертилди.
Белгиленгендей, аткарылган иштердин баары Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болот.