Имамдар арасында жалпы элдик конкурс: Ар бир адам үчүн исламдык каржы

Кыргызстанда имамдар жана алардын орун басарлары үчүн масштабдуу конкурс өтүп жатат. Аны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) MBANK’тын MIslamic кызматынын колдоосу менен уюштурууда. Долбоордун максаты — диний сабаттуулукту жогорулатуу гана эмес, исламдык каржылоо принциптерин элге түшүнүктүү кылып жеткирүү. Бул конкурс аркылуу өлкө боюнча 2 500 имам ислам укугу жана банкинг боюнча билимин көрсөтүүдө.

Ар бир адам түшүнө турган билим

Конкурс катышуучулары ислам укугу жана банкинг боюнча китептерди үйрөнүп, өз жамааттарында билим тараткан жол көрсөтүүчүлөргө айланышат. MBANK’тын MIslamic кызматы исламдык каржы боюнча элде көп суроолор бар экенин жакшы түшүнөт. Бул конкурс аркылуу имамдарга негизги суроолорго жөнөкөй жана так жооп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө:

  1. Исламдык каржы кандай иштейт жана кадимки банктык системадан эмнеси менен айырмаланат?

    Көпчүлүк үчүн «мурабаха» сыяктуу сөздөр түшүнүксүз болушу мүмкүн. Исламдык каржы пайызына негизделбестен, соода жана өнөктөштүк принциптерине таянат.

    • Мурабаха — бул насыя эмес, бул соода келишими. Банк сизге керек болгон товарды сатып алып, аны белгиленген соода пайызы менен сизге сатат. Бул — адилеттүү соода, ал эми пайыз эмес.

    • Аннуитеттик төлөм — бул төлөмдөрдү ай сайын бирдей бөлүп төлөөгө жардам берген ыңгайлуу ыкма, бирок ал ислам келишиминин маңызын өзгөртпөйт.

  2. Эгер пайыз болбосо, акысызбы?

    Жок. Исламдык банкинг адилеттүү жана этикалык негизде пайда алууну көздөйт, пайызсыз. Бул таптакыр башкача — реалдуу мүлккө жана адилет соодага негизделген модель.

  3. Шариатка шайкеш келерин кантип билсе болот?

    Бардык кызматтар шариаттык экспертизадан өтөт. MIslamic’те көз карандысыз Шариат кеңеши бар — ал беделдүү аалымдардан турат жана кызматтарды Ислам эрежелерине ылайык кылдат текшерет.

  4. Ислам банкы кадимки банкка караганда эмнеси менен айырмаланат?

    Ислам банкы — бул этикага жана моралдык баалуулуктарга негизделген финансылык система. Анда пайда чыныгы, шариат уруксат берген соода жана инвестициялар аркылуу алынат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Умра сапарына 7 жолдомо жана жалпы көлөмү 570 000 сом болгон акчалай байге берилет. Байгелер MIslamic кызматы тарабынан берилет. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи 25-июнда «Манас» театрында өтөт.

Бул долбоордогу MIslamic’тин катышуусу — муфтият менен өнөктөштүктүн үлгүсү. Ал жалпы элдин каржылык сабаттуулугун жогорулатууга, диний баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана агартуу ишине чоң салым кошуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан