Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда мэриядан кабарлады.
Маалым болгондой, аталган көчөнүн Өскөналиев жана Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоп-түздөөгө муктаж болуп турган. Калыбына келтирген соң кайра пайдаланууга берилди.
Жолдун кызыл тасмасы кесилип, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары жаңыдан асфальт басылган жолдон басып өтүштү.